Latest articles

Сокулук районунун көлмөлөрүндө балыктар массалык түрдө кырылган

Сокулук районунун көлмөлөрүндө балыктар массалык түрдө кырылган

Чүй областынын Сокулук районундагы бир нече ири көлмөлөрдө балыктардын массалык түрдө өлүп жатышы боюнча факты катталды. Бул тууралуу "ВБ"га Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынан кабарлашты.

Жергиликтүү тургундар алдын ала берген маалыматтарга таянсак, мунун себеби агымдын жогору жагында жайгашкан чочко фермасынын калдыктарын сууга төккөнгө байланыштуу болушу мүмкүн.

Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын мал ылаңдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мурат Абдраев тастыктагандай, учурда окуя болгон жерге адистер барып анализдеш үчүн бир нече материалдарды алышты.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...