Latest articles

Тоок багуу кирешени кєбєйтєт

Тоок багуу кирешени кєбєйтєт

Элеттик турмушта їй канаттууларына басым жасалат. Майда болгону менен кирешени арбытып, дасторкон берекесин арттырат. Айылдык кожейкелер тоок багууга куштарланса да аны дарылоонун, камкордук кєрїїнїн жолдорун жакшы биле беришпейт. Буга биздин редакциябызга телефон чалып сурангандар далил болуп турат. «Тоок багуучуларга кеўеш». Айылдык кеўеш кызматы чыгарган бул китепчеден бардык эле фермерлер пайдалана албасын эске алып, адистердин кеўешинен жарыялоону туура кєрдїк.

Тоок багуунун пайдасы

Тоок бир канча продукциянын тїрїн берет.

Бир тоок жылына орто эсеп менен 150-200 жумуртка, ал эми чыгаандары 300 жумуртка берет. Жумуртканын курамында адамдын тамактануусуна керектїї болгон белок, май, витаминдер жана минералдык заттар бар. Жумуртканын белогунун аш болумдуулугу 90% дан жогору.

Тооктун эти- жогорку аш болумдуу азыктарга кирет. Даамдуу, калориялуу жана жагымдуу (диеталык) азык зат. Эгерде тооктон эт єндїрїїнї кааласаўыз, эт багытындагы жєжєлєрдї (бройлер) 50-60 кїнгє чейин бордоп байлаўыз, ал 1,8-2,0 кг чейин эт берет.

Тооктон - 100-150 грамм жїн алынат. Ар кандай максатта пайдаланууга болот.

Тооктон - єсїмдїктєргє эў эле пайдалуу органикалык жер семирткич алынат. Тооктун кыгында башка малдардын кыгына караганда 2-3 эсе кєп азот болсо, фосфор 3-4 эсеге кєбїрєєк камтылат.

Тоок баласы тез жетилет. Аларга кеткен чыгым аз убакыттын ичинде акталат. Тооктор 5-6- айлык жаштан баштап жумурткалай башташат.

Тооктор башка айыл чарба малдарына караганда тоют тандабайт. Колдо болгон бардык тоют тїрї менен тоюттандырууга болот.

Тоокту багууда адам кїчї аз сарпталат.

Тооктун породалары

Тооктун породалары алардан алынуучу продукцияга жараша їч багытка бєлїнєт:

1 - жумуртка багытындагы;

2 - эт- жумуртка багытындагы;

3 - эт багытындагы.

Жумуртка багытындагы породалардын жумуртка берїї жєндємдїїлїгї жогору. Алар жылына орто эсеп менен 200-300 жумуртка бере алышат. Эт берїї жагы начарыраак.

Тооктордун салмагы болжолу 1,0 -2,0 кг араў болот.

Кыргызстанда жумуртка багытындагы Родонит, Ак орус тоогу, Ак белорус тоогу белгилїї.

Эт- жумуртка багытындагы тооктор жылына орто эсеп менен 150-200 жумуртка берет да, 3-4 кг эт продукциясын берїїгє жєндємдїї келишет.

Кыргызстанда эт-жумуртка багытындагы Кыргыз, Нью-Гемпшир, Род-Айленд, Кучин, Фавероль жана башка тооктору багылат.

Эт багытындагы тооктор негизинен эт продукциясын єндїрїїгє багытталган. Алардын тирїї салмагы 5-6,5 кг чейин жетип, 4-6 кг эт продукциясын бере алат. Бул багыттагы тооктордон жылына болгону 80-100 жумуртка алса болот.

Кыргызстанда эт багытындагы Кохинхин, Брама, Корниш жана башка тооктору кездешет.

Тооктордон алынуучу

продукцияны кєбєйтїї їчїн кандай

кам кєрїї керек?

Тооктон жумуртканы кєбїрєєк алуу їчїн, жумуртка багытындагы тоок породаларын тандоо маанилїї. Жыл єткєн сайын тооктун жумуртка берїї жєндємдїїлїгї начарлагандыгына байланыштуу тоокторду ар бир 1,5 -2 жылда алмаштырып жаўыртып туруу зарыл.

Эгерде жумуртка тамак -ашка пайдалануу їчїн єндїрїлсє, їйїрдє короз кармоонун кажети жок. Себеби, тооктор короздору жок эле жумуртка тууганга биологиялык жактан жєндємдїї, ал эми корозду кармоо ашыкча чыгымга алып келет.

Эгерде жумурткадан жєжє чыгарууну кєздєсєк, анда ар бир 8-12 тоокко бирден короз кармоо талапка ылайык. Бул учурда жумуртка тукумдуу болуп, жумуртканын жєжє бастырууда сасыткы болуп калуу мїмкїнчїлїгї аз болот. Ушул себептер менен корозду жєжє чыгаруу їчїн гана багуу керек.

Тооктон эт єндїрїї їчїн негизинен ургачы тоокторго караганда короздорду бордоп байлоо натыйжалуураак. Себеби, короздор салыштырмалуу чоўураак келип, тез салмак кошот. Тооктор жумуртка алууга багытталганда короздорду бєлїп алып, єзїнчє этке бордоп багуу натыйжалуу.

(Жумуртка багытындагы тооктор жєжє бастырууга жєндємдїї эмес)

Тоокторду багуу шарттары

Тооктордун кунарлуулугун жогорулатуу жана багуу шарттарын жеўилдетїї їчїн аларды таза, жарык, кургак тоокканаларда багууну эске алуу талапка ылайык.

Тоокторду багууда тємєнкї шаттарга кєўїл буруу зарыл:

1-Тооктор багылуучу жай - тооккана;

2- Тоют жана тоюттандыруу;

3-Оорулардын алдын алуу иш-чаралары.

Тооккана

Тооккананын ичи жарык, кургак, шамалдан далда, кїўгєй тарапты каратып салынган сарайлар, бастырмалар жарайт.

Тооккананын дубалын кирпичтен, жыгачтан, топурактан тургузса болот.

Тооккананын ички абасы алмашып туруусу їчїн ачылып-жабылып турган аба мору же терезечелери болуу керек. Полуна жыгачты, ылайды ж.б. материалдарды колдоно алабыз.

Тооккананын 1 метр квадраты 6 тоокко эсептелгени туура болот. Оптималдуу температурасы 16-18 градус С болушу зарыл.

Кыш мезгилинде тооккананын полуна 30 см калыўдыкта саман тєшєп койсо, ал жылуулукту сактоого кємєктєшєт.

Тооккананын ичинде жумуртка тууганга ылайыкталган уя болушу зарыл. Уяны тооккананын караўгы бурчтарына, 1 уя 6-8 тоокко эсептелип, єлчємї 30/40 болуп жана полдон 50-60 см бийиктикте жасалганы туура болот. Тооктордун тоокканага кирип чыгышы їчїн єзїнчє ачылып жабылуучу эшик ылайыктуу. Бул эшик полдон 15 см жогору болуп 40-50 тоокко эсептелинет. Тооккананын алдында зым тор менен тосулган сейилдєє бастырмасынын болгону жакшы. Тоокторду тоюттандыруу їчїн жем, суу аштоолору, оонап туруусу їчїн кїл кєлмєсї болушу шарт. Жем аштоонун узундугу 1 тоокко 8-12 см, ал эми суу їчїн 2-3 см ал жерден 5-8 см жогору турганы туура болот. Тоок єзїнїн денесиндеги биттерден арылуу максатында кїлгє оонайт. Кїл кєлмєсїнїн узундугу 1-2 м туурасы 1-1,5м бийиктиги 15-20 см болуп, ичине жыгач кїлї-50%, кум-30%, топурак-19%, керосин-1%дан турган аралашмасын салышат.

Тоок ооруларынын алдын алуу їчїн

тємєнкї иш-чараларды аткаруу керек:

• Тоокторду сапаттуу тоюттар менен туура тоюттандыруу керек;

• Тооккананы таза, кургак кармап, багуу шарттарын аткаруу;

• Тоокканадагы чычкан, келемиштерди жок кылуу;

• Тооккананы мезгил –мезгили менен дезинфекциялоо;

• Ооруларга каршы алдын ала эмдєє иштерин єз убагында жїргїзїї.

Тооктордун оорулары жана аларга

каршы кїрєшїї жолдору

Жїнїн жеп коюу, биттер, кенелер, бїргєлєр. Бул ооруларга тооктор кабылганда, алар тытынып, жїнї тїшєт, арыктайт, жумуртка берїїсї азаят.

Дарылоо: Тооккананы таза кармап, мезгил –мезгили менен єчїрїлгєн акиташ, хлорофос, карбофос ж.б. менен дезинфекциялоо керек. Тооккананын ичине кїл кєлмєсїн тезинен орнотуу зарыл.

Каннибализм - бул оорууга чалдыккан тооктор бири-бирин чокуп, єз жумурткасын жеп коюшат. Аталган оору тооккананын таза эместигинен, тардыгынан, сапатсыз тоюттан келип чыгат.

Дарылоо: Ооруган тоокторго белоктуу тоюттарды кєбїрєєк берїї менен багуу шартын єзгєртїї керек.

Марек оорусу - Тооктор бул ооруга чалдыкканда алардын буттарынын кыймылы кадимкидей болбой, кыйшык кыймыл аракеттер байкалат.

Дарылоо жыйынтык бербейт, ошондуктан ооруган тооктон арылуу эффективдїї.

Кнемидокоптоз - Бул оору – тооктордун буттарынын котуру. Ооруну кєзгє кєрїнбєгєн кенелер чакырат. Тооктор буттарын кычышканынан чокуп, бутары ак барсак карт басып кетет. Оору кїчєгєндє тоок баса албай калат.

Дарылоо: Тоокторду марганцовка, ак кайыў чайыры, керосин, самын кошулган жылуу суу эритмелерине буттарын салуу керек.

Гамбро оорусу - бул негизинен эт багытындагы тооктордо кєп кездешкен жугуштуу шишик оорусу (бройлер). Тооктордун денесинде жана муундарында шишиктер пайда болуп, єлїмгє учурай баштайт.

Ооруну дарылоо їчїн эффективдїї дарылар аз. Негизи антибиотиктер колдонулат. Дарылоодон жыйынтык болбосо, тооктордон арылуу керек. Алдын алуу їчїн сырткы чєйрє менен байланышын чектєє зарыл.

Кокцидиоз оорусу - Бул оору жаш тооктордун ичеги органын жабыркатат. Кєбїнчє тооктор жазында жана жайында ооруга чалдыгат. Ооруган тооктор чычкактайт, їйїргє кошулбай, чекелеп жїрєт.

Дарылоо: байкокс, кокцидиостатиктер, сульфаниламид дарылары менен дарылоого болот.

Єз короосунда тоок багып їй –бїлє капчыгын кампайткысы келген кожойкелерди бул маалыматтар кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз. Ошону менен бирге тоокторго бир кїндїк рационунун кандай болушу керектиги туурасында маалымат келтиребиз. Бул жерде бир тоокко берилїїчї азыктын кєлємї грамм менен берилди.

Кургак чєп - Кышкы мезгилде кургак эспарцет, бедени майда туурап, чєп уну кылып, 1 башка 10-80 граммга чейин башка тоюттар менен аралаштырып берсе жагымдуу болот.

Буудай - Тоокко буудайды єндїрїп берсе, алардын жумуртка туушу жогорулайт.

Арпа - данында 50%дан кєп кємїртектер бар. Бууланган же єндїрїлгєн арпа аш болумдуу келип, тооктордун жумурткасынан жєжє чыгуусу жогорулайт.

Жїгєрї - тоюттун курамында жїгєрїнїн болушу атайын бордокуга байланган тоокторго пайдалуу.

Буурчак менен тєє буурчактын дандары чоў болгондуктан майдалап берген тийимдїї.

Чыктуу тоют катары- капуста, сабиз, картошка, кызылча, пияз, аш кабак, кєк чєп майдаланып берилгени пайдалуу.

Нуржамал Курманкулова

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...