Latest articles

Түштүктө беш миңдей балада күбөлүгү жок

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 5 миңден ашуун баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Оштогу «Ар бир балага үй-бүлө» коомдук фондунун жетекчиси Зейнеп Эшмуратова билдирди. Анын айтымында, бул сан 2012-жылы 6 миң болчу. “3 жыл аралыгында алардын ичинен болгону миң ата-эне гана балдарына күбөлүк ала алышкан. Калгандары социалдык, финансылык себептерден улам, же документке маани бербегендиктен улам күбөлүк албай жүрүшөт”, - деди Эшмуратова.

«Ар бир балага үй-бүлө» коомдук фонду Ошто кароосуз калган балдар, аялуу катмарлардын наристелери жана башка социалдык топтор менен иш алып барат.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...