Latest articles

Ош: Бүгүн «Эрежесиз эр таймаш» боюнча алгачкы эл аралык сынак башталат

25-26-апрель күндөрү Ош шаарынын А. Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда «ММА жана панкратион» боюнча Кыргызстандын алгачкы эл аралык ачык чемпионаты болот. Бул тууралуу Кыргызстан «ММА жана панкратион» федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков өзү билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандык алгачкы ачык расмий сынакка Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын таанымал мушкерлери катышат. Сынактын биринчи күнүндө Кыргызстандын жети облусунан келген спортчулар 7 салмак категориясы боюнча Кыргызстандын чемпиондугу үчүн таймашат. Жети салмак категория боюнча жеңүүчүлөр спорттун чебери аталып, «Эрежесиз эр таймаш» боюнча Кыргызстандын курама командасына кабыл алынат. Андан сырткары эл аралык беттештерге катышуу мүмкүнчүлүгүн алышат.

Ал эми иш-чаранын экинчи күнүндө кошуна өлкөлөрдөн келген профессионал мушкерлер арасында кечки таймаш турнири болот. Ага эл аралык класстагы 12 мушкер катышат.

Кыргызстанда «Эрежесиз эр таймаш» федерациясы 2013-жылы расмий катталып, эл аралык «ММА жана панкратион» федерациясына мүчө катары кабыл алынган.

Учурда бул спорттун түрү 46 мамлекетте расмий спорт катары таанылган.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...