Latest articles

Быйыл Кыргызстанда окуу жылы 29-майда аяктайт

Быйыл Кыргызстанда окуу жылы 29-майда аяктайт. Бул тууралуу кечээ, 21- апрелде Билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл окуу жылы жылдагыдан кечирээк аяктап жаткандыгынын себеби кышкы каникулдун узартылгандыгы менен байланыштуу.

"Окуу процесси план боюнча кетип жатат. Өзгөртүү экзамендердин даталарына жана 9-класстын окуучулары үчүн гана киргизилди. 11-июнда кыргыз жана орус тилдеринен ооз эки түрдө экзамен тапшырышат, 12-июнда жазуу түрүндө", - дейт басма сөз кызматы.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...