Latest articles

Губернатордук институт калыбына келет

Кыргызстанда губернатордук институт кайра калыбына келтирилет. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунда Түштүк облустар аралык коллегиялык жыйында билдирди. Анын айтымында, эми губернатор деген аталыш кайра келет. Анда облустун губернаторлору акимдерге сөгүш, эскертүү берип, административдик жазаларды колдонууга укуктуу болот.

“Азыр Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин каттоосунан өттү. Бирок ага кошумча акча каражаты бөлүнбөйт, бирок губернатор деген ат кайра колдонулат”, - деди Ж.Сатыбалдиев.

Эскерте кетсек, 2012-жылы Кыргызстанда губернатордук институт жоюлуп, өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүгү деген аталыш алган болчу.

1-март, 2013-жыл, №08

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...