Latest articles

Жогорку Нарын ГЭСтери үчүн каражат бөлүү май айында чечилет

Жогорку Нарын ГЭСтери үчүн каражат бөлүү май айында чечилет

Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Нарын гидроэлектростанция жабык акционердик коомунун башкармалыгынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Петр Черняк билдирди. Анын белгилешинче, финансы-экономикалык абалга байланыштуу каражат бөлүү өзгөргөн. Бул маселе эми май айында чечилет.

Жогорку Нарын каскадында төрт ГЭС курулат. Аны Орусиянын “Русгидросу” менен Кыргызстандын “Электр станциялар” акционердик коому куруп жатат. Долбоорду толугу менен орус тарап каржылайт. Бирок каражаттын толук бөлүнбөгөнүнөн улам курулуш иштери токтоп калганын айрым маалымат булактары жазышкан. Буга чейин өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Жогорку Нарын ГЭС каскаддарынын курулушуна башка тараптан насыя тартуу мүмкүнчүлүгүн көтөргөн эле.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...