Latest articles

Нарында карышкыр келтирген чыгым эсептелди

Нарында карышкыр келтирген чыгым эсептелди

Жыл башынан бери Нарын облусунда карышкыр жалпысынан 57 баш малды жеп, жергиликтүү элге 1 млн 695 миң сомдук чыгым алып келди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Ошондой эле аталган мекеме облуста мал уурдоо фактысы өткөн жылга салыштырмалуу өскөнүн билдирет. Жалпысынан 3 ай ичинде 52 мал уурдалып, жабыркагандарды 559 миң сом чыгымга учураткан. Уурдалган 32 баш мал ээлерине кайтарылган.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...