Latest articles

"РусГидро": КРдеги ГЭСтин курулушун каржылоо чечими кабыл алынган жок

"РусГидро": КРдеги ГЭСтин курулушун каржылоо чечими кабыл алынган жок

жордж Рижинашвили "Кыргызстандагы Жогорку Нарын каскады ГЭСинин курулушун каржылоо жөнүндө чечим азыркы учурда кабыл алынган жок",- деп билдирди

"РусГидронун" башкаруу мүчөсү Джордж Рижинашвили "Кыргызстандагы Жогорку Нарын каскады ГЭСинин курулушун каржылоо жөнүндө чечим азыркы учурда кабыл алынган жок",- деп билдирди. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар маалымдашты.

"Каржылоого каражат бөлүү чечими кабыл алынган жок",-дейт ал.

Өз кезегинде компаниянын башчысы Евгений Дод 2015-жылы "РусГидро" ири карыз албай турганын айтты. "Мен, быйыл ири карыз албайбыз деген ниеттемин",-деп белгиледи ал.

Эскерте кетсек, март айында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Евгений Дод менен ГЭСти каржылоо боюнча теманы талкуулаган жолугушуудан кийин премьер-министр Жоомарт Оторбаев каскаддын курулушу үчүн насыя алууну сунуштаган. Бирок компания долбоордун кечеңдеп жатышы кыргыз тараптын ГЭСтин курулушу үчүн жер бөлүү маселеси жөнгө салынбагандыктан токтолуп жатат деп белгилеген.

Белгиленген кетсек, Жогорку Нарын ГЭС каскадынын долбоору боюнча Нарын дарыясында Нарын ГЭС-1, Нарын ГЭС-2 жана Нарын ГЭС-3 курулат. Каскаддын жалпы болжолдонгон кубаттуулугу 191 МВтты түзөт, долбоор толук бойдон ишке кирсе жылына орточо эсеп менен 1 055 млн. кВт∙с. электр энергиясын иштеп чыгат.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...