Latest articles

Жети жаш автордун китеби жарык көрдү

Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунда “Жаш калем” адабий кароо-сынагынын жыйынтыгы менен чыгармасы мыкты деп табылган жети жаш автордун китебинин бет ачары болду. Китептер “Жети жаш автор” жана “Элеттик акын-жазуучулар” долбоорунун алкагында жарык көрүп, бул долбоордун бактылуу авторлору болуп жаш акындар Алтымыш уулу Мирлан, Дооранбек уулу Акжол, Орозалиева Чолпон, Нусубалиев Умар, Толукбаева Сезим табылды. Булардын ырлары бир китепке топтолуп, жыйнак болуп чыкты.

Ал эми сынактын кара сөз бөлүгү боюнча Элдияр Элчибектин “Кара тизме” повести, Кубанычбеков Акбардын “Ак жүрөк” ырлар жыйнагы, Акерова Берметтин “Последнее объятие” романы, мындан сырткары, “Элеттик акын-жазуучулар” долбоору менен – Турдумамбетова Гүлжандын “Арман дүйнө” жана Токтосунова Манзуранын “Жүрөк оту” ырлар жыйнагы өз-өзүнчө басылып чыкты.

“Долбоордун максаты – республикабыздагы келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш акын-жазуучулардын демине дем, шыгына шык кошуу, окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгармалардын жаралуусуна өбөлгө түзүү, колдоо, жалпы эле кыргыз адабиятына кошкон салымдарын чыңдоо болуп саналат”, – дейт патентчилер.

Жыпар ИСАБАЕВА

Original url : kyrgyztuusu.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...