Latest articles

Оштогу жаңы айылга медициналык мекеме курулат

Ош шаарынын карамагына жаңы кабыл алынган Дача айылына фельдшердик - акушердик түйүн курула баштады. 20 жыл бою Кара-Суу району менен Ош шаарынын ортосунда талашта жүргөн Дача айылына буга чейин бир да социалдык мекеме курулган эмес. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Жергиликтүү тургундардын аракети менен Арис уюмунун каржылоосуна алынган Дача айылындагы ФАПтын курулушу 2.5 млн. сомго бааланган. Жалпы сумманын 5% Ош шаарынын казынасынан бөлүнгөн. Курулуш май айында бүтүшү пландалууда.

Дача айылында 5 миңден ашык калк жашайт. Айыл Ош шаарынын карамагына 2013-жылы өткөрүлгөн. Айылга мектеп жана бир нече балдар бакчасын куруу, таза суу чыгаруу дагы деле чечиле элек.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...