Latest articles

ЖҮРӨГҮНДӨ - ОКУУЧУЛАР, САХНА ӨНӨРКАНАСЫ

ЖҮРӨГҮНДӨ - ОКУУЧУЛАР, САХНА ӨНӨРКАНАСЫ

Адамдардын акыл-эс, аң-сезиминдеги түшүнүктөр мектеп партасынан калыптанып, мында мугалимдин орду өтө олуттуу. Бар күчүн, окуучуларды тарбиялоого сарптаган, мөмөлүү дарак делген ардактуу кесиптин ээси Байыш Абдыбековдун жергиликтүү билим берүү жаатындагы аракеттери туурасында кеп кылсак.

Байыш Абдыбеков ар тараптуу чыгармачыл мугалим. Ал өз кесибинде бир нече жылдардан бери талыкпай эмгектенип, жүздөгөн жаш муундарды тарбиялап келет. Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектебинде окуучулардын кыргыздын улуттук этнографиялык стилин чагылдырган “Сахна өнөрканасы” деген аталыштагы этноклассты ачты. Класска кыргыздын улуттук буюмдары коюлуп, баш баккан адамдын мекенчилдик рухун көкөлөтөт. Аталган классты жабдуу үчүн Байыш Абдыбеков өз капчыгынан төрт миң долларга чамалуу акча каражатын сарптаган. “Ашың түгүл табагыңды таап ал” деген азыркы замандын шартында окуучулар үчүн катардагы мугалим өз эсебинен классты жабдымак тургай, өп-чап маяна менен тиричилик кылып жатышпайбы. Ал эми Б.Абдыбеков албетте, бул акча каражатын каякка жумшаарын билбей калгандыгынан же мактануу үчүн эмес, окуучулардын келечегине кайдыгер карабай, өз кесибин артыкча жан дили менен сүйгөндүгүнөн улам десек жаңылыштык эмес.

Ал өз кезегинде мектепте экономика сабагынан билим берип гана тим болбостон, убактысынын көбүн окуучулардын жөндөмдөрүн ойготуп, ыр-бийге шыктандыруу менен алектенет. Бул максатта “Устат-шакирт” долбоорунун алкагында “Кереге” клубун уюштурган. Тынбай изденген мугалим мындан тышкары, ЮСАИДдин “Тынчтык” жаштар театрынын алдында “Данек” клубун түзүп, таланттуу окуучуларды топтоду. Бир мектепте ачылган эки театралдык клубда учурда 23 бала чыгармачылык менен алектенишип, театрлаштырылган сценкаларды турмуштагы терс көйгөйлөрдүн негизинде жазып, эл алдына алып чыгышат. Окуучулар даярдаган “Карагул ботом”, “Өнөрлүү өлбөйт” сценкалары көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбайт. Жакында алар баш калаадагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство окуу жайына барып, жаш жеткинчектер өз таланттарын көрсөтүп, искусство дүйнөсүнө багыт берген окуу жайга таасирленип, учкул кыялдарга канат байлап, кайтып келишти.

Аталган мектепте Б.Абдыбековдун демилгеси жана жетекчилиги менен “Акак” бий тайпасы да түзүлгөн.

Анын кандай көйгөй болсун өз пикирин тайсалдабай айткан, чечкиндүү аракеттерин баалап, айылдыктар Айылдык Кеңештин депутаттыгына шайлап алышкан. Ал мектеп окуучуларын да коомдук иштерге тарбиялоону жактырат. Окуучулардын “Демилгечилер” тобун түзүп, кары-картаңдардын үйлөрүнө барып, абалкы “тимурчулар” сыяктуу жеңилин жерден, оорун колдон алып, түздөн түз жардам беришет. Эмесе, Байыштай намыскөй, демилгечил уулдар көп болсун!

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...