Latest articles

ТЕПСЕЛГЕН «ЖЕР ЖѲНҮНДѲГҮ КОДЕКС»

ТЕПСЕЛГЕН «ЖЕР ЖѲНҮНДѲГҮ КОДЕКС»

Кубат ОСМОНОВ, фотожурналист, Кыргыз чоросу

Мекенибизде кооптуулук байкалган сайын, Кыргызстандын баардык дубандарында «Кыргыз чоролору» коомунун катары ыктыярдуулук менен толукталып, элдин кызыкчылыгын коргогон чоролорубуздун катары күн сайын көбөйүүдө.

Жакында Талас шаарынын «Кырк чоро» кинотеатрындагы жыйынга жыйырма жети айыл өкмөтүнүн, ошондой эле башка дубандардын эки жүз эр азаматы келди. Буга чейин «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмесинин төрагасы Замри Көчөрбаев, укук коргоочу Уран Рыскулов өңдүү кыргыз чоролору жер-жерлерде эл менен жолугушуп, демилгелүү топторду уюштурушкан эле. «Жер-Үй» алтын кени боюнча да жергиликтүү эл менен жолугушуу болгон.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги, УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура жана башка өкмөттүк түзүмдөр менен өз ара шерттешменин негизинде иш алып барганыбыздан бери көптөгөн коррупциялык мыйзам бузуулардын бетин ача алдык.

Кыргыз Республикасынын Коргоо министри, генерал-майор Т.Ѳмүралиев «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмесине: «Республикабыздын облустарында, райондорунда (шаарларында), айылдык аймактарында кырк жигиттен турган «Кырк Чоро» коомдук бирикмелерин түзүп, элибиздин тынчтыгын жана мекенибиздин, чек арабыздын бүтүндүгүн сактоодо сиздердин кошуп жаткан зор салымыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Ал эми, Коргоо министрлиги тарабынан мобилизациялык даярдыктар боюнча иш-чараларын алып барууда, сиздердин катарыңыздардагы мыкты жигиттерди, башкача айтканда аскерге милдеттүүлөрдү өзүлөрүнүн аскердик даярдыгы боюнча өзгөчө кырдаал мезгилинде тиешелүү аскер бөлүктөрүнө аскер кызматын өтөө үчүн чакырууга жана аларды дайындоого көңүл бурулат», - деп ыраазычылык кат жолдогон. Так эле ушул маанидеги ыраазычылык катты чек ара кызматынан да алдык.

Ыйык мекенибизди коргоо ишин бийлик бутактарына, коргоо министрлигине, жоокер инилерибизге эле жүктөп коюу жаңылыштык болор. Байыркы ата-бабаларыбыздын тарых жолун эске алсак Мекенин, элин сактоодо он алты жаштан алтымышка чейинки эркектер милдеттүү түрдө жоокер болушкан экен. Андан кичүүлөрү же эң улуулары да өз ыктыярдуулугу менен жоо тосконго аттанышкан. Зарылчылык туулса Жаңыл Мырзадай, кыз Сайкалдай айымдар да жоо мизин майтара алышкан. Ошондуктан, учурундагы үлгүлүү жоокер, бүгүнкү запастагы офицер катары, жашы толгон ар бир жигиттин жоокердик кызматын өтөп, армияда болуусун туура көрөт элем.

Көп кырдуу эр оюндарын билген көчмөн баатыр элибиз «коргонуу», «кол салуу» согуш тактикаларын мыкты өздөштүрүшкөндүктөн, Түркиянын боштондугун, Москванын эки жолку корголушун камсыз кылышкан.

Башка элдин жашоо эрежелери таңууланып, туруктуу отурукташуу башталгандан бери учу-кыйыры көрүнгүс Кыргыз каганаты тарып, чегибиз кемип келет. Эң өкүнүчтүүсү, жан дүйнөсү жарды, Мекен баалуулугун билбеген, материалдык байлык үчүн жер саткан чыккынчылдардан арыла албай жаткандыгыбыз.

Чоролордун чоң чогулушунда да жер саткандарга каршы туруу эң зарыл экендиги баса белгиленип, ал жерде «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмесинин бүгүнкү күндөгү зарылчылыгы» деген темада тарыхчы Баяс Турал доклад жасап, «Союз учурунда да өспүрүмдөр пионер, комсомол анан барып партия кызматында такшалган. КПССтин Генералдык секретары съездде элге отчет берген. Ал эми азыр болсо акыйкаттык, уялуу, ийменүү калды. Банкты, элди тоногон, аткан А.Акаев, К.Бакиев качып кетти. Батыш азгырыгы, бузук идеология күн, саат сайын сыналгыдан, интернеттен көрсөтүлүүдө, ушундайча калыптанган бүгүнкү жаштарыбыз эртең мекен жүгүн кантип тартат?» деп каңырыгы түтөп кайрылуу кылды. Зирек жаштарыбыз чет жерге кетип жатканын, ошол эле убакта ыйык Мекенибизде койнунда котур ташы барлар сырттан да келип отурукташып жатканына тынчсызданды.

«Кыргыз чоролорунун» мүчөсү Уран Рыскулов жыйынга катышкан чоролордун «Жер-Үй» алтын кенин иштетүүнүн зарылчылыгы барбы?» деген суроолоруна жооп кылып: «Жогорку Кеңеште парламенттик, коомдук угууларды уюштурбастан, «Салык Кодексине» сегиз, «Жер жөнүндөгү Кодексине» жети беренени, ошондой эле Лицензия жана залог жөнүндөгү мыйзамдарды эртеси каникулга тараарда (2012-жылы 29-июлда) отузга жетпеген депутаттардын катышуусу менен негизсиз, шашылыш түрдө кабыл алынгандыгын маалымдады. Айта кетчү эң маанилүү нерсе, «Жер жөнүндөгү Кодекс» статусу боюнча ага тиешелүү мыйзамдардан жогору турат. Одоно мыйзам бузуу менен «Жер казынасы» мыйзамын чыгарышып, «Жер жөнүндөгү Кодексти» тепсеп салышкан. «Чү» дегенде эле ээрге кыйшык отурушкан аткаминерлер өнөктөштөрү менен «Жер-Үй» алтын кенин ачууда жергиликтүү элге «экологиялык катастрофаны болтурбайбыз» деп да айта албай, элди экиге бөлүүгө жетишип, эми орбитр катары карап турушун мекенге чыккынчы болгусу келбегендер дароо билүүсү керек.

«Жер жөнүндөгү Кодекси» боюнча кен байлыктарды казганга жергиликтүү бийлик уруксат берип келсе, эми ал укукту Кыргыз Республикасынын ѳкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги алып алган. Мындай кадамга баруу - биринчи кезекте мекендин бүтүндүгүн, элдин эсенчилигин коргогон жергиликтүү демилгелүү топтордон аттап өтүү дегендик. Экинчиден, элдин укуктук, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чектөө. «Жер казынасы» жөнүндөгү мыйзам элүү беш беренеден турса, анын жыйырма үч беренеси – сатуу, залогго коюу жана үчүнчү кишиге өткөрүп берүүгө багытталган, башкача айтканда, ичип, жеп, тоноп, элди алдап качып кетүүчү шылуундар өздөрү үчүн гана ылайыктап алышкан.

Мына ушундай ачуу чындыктар талкууланган соң: «Кум-Төр алтын кенин өндүрүүдө Мекенибиздин кызыкчылыгы эске алынмайынча кылмыштуулук менен кабыл алынган мыйзамдардын негизинде талоонго түшүп жаткан башка кен байлыктарды («Жер-Үй», «Майдан» ж.б.) чалгындоо, иштетүү токтотулсун» деген Чечим кабыл алынды.

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...