Latest articles

Facebook жыныстык катнаштарды деталдуу чагылдырууга тыюу салды

Facebook жыныстык катнаштарды деталдуу чагылдырууга тыюу салды,- деп жазат "Медуза" маалымат агенттиги. Мындай шарт биримдиктин жаңыртылган эрежелеринде көрсөтүлгөн. Ошондой эле социалдык түйүнгө адамдын ачык жамбашын жана үрпү ачык эмчекти чагылдырган сүрөттөрдү жүктөөгө чектөө киргизилген.

"Facebook өзүнүн эрежелерин бат-баттан өзгөртүп турат. Негизинен ыңгайлуулук үчүн эрежелердин мазмууну эмес, формасы өзгөртүлөт. Эрежеге ылайык, кимдир бирөөнүн абийирине шек келтирген жана порнографиялык багыттагы көрүнүштөрдү жайгаштырууга тыюу салынат. Facebook социалдык түйүнүн бир жарым миллиард адам колдонот",- деп жазат агенттик.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...