Latest articles

Депутат Токтогул Туманов 7-каналды сотко берди

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Токтогул Туманов “аброюма шек келтирди” деген кине менен баш кеңсеси Жалал-Абад шаарында жайгашкан 7-каналды сотко берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат өзү билдирди.

- Телеканал Ош жана Жалал-Абад шаарындагы айрым жер тилкелери менин кийлигишүүм менен кээ бир жарандарга менчиктештирилгени жөнүндө маалымат таратты. Мен муну атайын буюртма деп эсептейм. Беделиме шек келтиргени үчүн Жалал-Абад шаардык сотуна кайрылып, телеканалдан моралдык чыгым катары 30 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүндүм, - дейт Туманов.

Ал эми 7-каналдын жетекчилиги сюжет телеканалга келип түшкөн арыздардын негизинде факт менен даярдалганын, журналистиканын стандарттары сакталганын айтууда.

Камчыбек Ташиевге таандык экени айтылган 7-канал ТРКсы 2010-жылы ачылган. Учурда Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарына көрсөтөт.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...