Latest articles

Кыргызстандыктардын Казакстан жана Орусияда каттоосуз жүрүү мөөнөтү узартылат

Кыргызстан жарандарынын Казакстан жана Орусия аймагында каттоосуз жүрүү мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” тышкы иштер министринин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Орусия жана Казакстандын тиешелүү органдары жактырган. Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети да колдоду. Эми аны өкмөт кабыл алышы керек.

“Мурда кыргызстандыктар Казакстанда беш, Орусияда жети гана күн каттоосуз жүрө алышчу. Айрым жарандарыбыз үлгүрбөй калып, көп маселелер жаралчу. Өкмөт токтомду кабыл алса, тараптар келишимге кол коет. Каттоосуз жүрүү мөөнөтү 30 күнгө узарат”, деди Сыдыков.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...