Latest articles

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизилди

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 31-декабрында кабыл алынган.

Ага ылайык, мамлекеттик кызматчылар мамлекеттик кызматта турган убакта акцияларга, башка баалуу кагаздарга ээлик кылууга укугу бар. Бирок милдеттүү түрдө аларды ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Original url : www.maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...