Latest articles

Кудайдан коркпогон эркекти бычып коркута алабызбы?

Жакында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында болуп өткөн окуя добулбас уруп, мындай жосунсуз жоруктарга каршы жалпы коомчулуктун көтөрүлүшүнө мезгил келип жеткенинен дагы бир ирет кабар берип, жаш наристелерге, балдарга карата сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүүнүн толкуну күч алып жаткандыктан буга каршы катуу мыйзам кабыл алууну тез арада чечүү зарылдыгын эскерткендей болду.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Медина Султаналиеванын билдирүүсү боюнча окуянын чоо-жайына токтолсок 2015-жылдын 19-январынан 24 -январга чейин «Камкордук» ыкчам иш чарасынын жүрүшүндө Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы орто мектептин 2-классынын окуучусу, 2006-жылы туулган кыз мектепте жашоо шарты начар катары каттоодо тургандыктан мектеп директору, социалдык педагогдун анын үй-шарты менен таанышуу, сүйлөшүү учурунда кыздын атасынын бир тууган иниси 1986-жылы туулган Ж.Б. кызды уруп-сабап, бир жылдан бери жыныстык катнашта болуп жүргөндүгүн айтып, көрсөтмө берген. Натыйжада, бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кызга карата соттук биологиялык экспертиза дайындалып, 26-январда Ак-Талаа райондук сотунун чечими менен «эргул айбан» Нарын шаарындагы СИЗО-4 мекемесине камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

ЭЛДИН АҢ СЕЗИМИ ДЕГРАДАЦИЯГА КАБЫЛЫП ЖАТАБЫ?

Өткөн жыл ичинде өлкө аймагында 92 жаш бала чоң кишилер тарабынан зордук-зомбулукка кабылган болсо, алардын ичинен 10у каза болгон. Ал эми Нарын облусунда акыркы эки жылда жаш балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү боюнча үч факты катталган. Бул, албетте, официалдуу маалымат. Ал эми укук коргоо органдарына билинбей, жашырылып, жабылып зордук-зомбулук тартып жүргөн жаш балдар учурда канча экени белгисиз. Себеби, буга чейин ата-эне, мектеп, укук коргоо органдары тарабынан да мындай фактыларды жаап жашыруу аракети көрүлүп келген.

Мындай кылмыштардын көбөйүшү элдин аң сезиминин деградацияга кабылып жатканынан кабар берүүдө десек жаңылышпайбыз. Жаш наристелердин чоң кишилер тарабынан зомбулукка, сексуалдык зордукка кабылышы көпчүлүк учурда ата-энелердин ажырашуусунан, акча табуунун аркасынан түшүп, бала-чаканы туш келди жакка калтырып, кароосуз койгондун кесепетинен келип чыгууда деп белгилешет серепчилер.

Биз сөз кылып жаткан 8 жаштагы кыздын атасынын иниси тарабынан зордукталышы бир жыл бою «эч кимге айтпа» деп коркутуу менен уланып келген. Ата-энеси ажырашып кеткендиктен кыз чоң энесинин колунда калган. 28 жаштагы Ж.Б биринчи топтогу майып болгондуктан энеси менен жашап, буга чейин үйлөнгөн да эмес. Ал гана эмес Ж.Б нын апасы уулун кичинекей кызды зордуктоого күч кубаты жетпейт деп эсептеп, небересинин бир канча ирет бул маселе боюнча даттанып кайрылганына анчалык маани берген эмес . Ж.Б нын кызды кайтарып, мектепке чейин барып, үйгө кир деп урушуп жүргөнүн жакын кошунасы да байкап жүргөн, бирок, оорукчан жигиттин мындай ишке бараары эч кимдин оюна келген эмес.

АТЫП САЛЫШ КЕРЕК, БИРОК КАСТРАЦИЯНЫ КОЛДОЙМ

Күйгөндө айтчу нерсе, наристелерге айрыкча, сексуалдык зордук көрсөткөн «айбандарды» атып салгандан өткөн жаза жоктой. Бирок, өлүм жазасы биздин өлкөбүздүн мыйзамында жок, бул жагынан алганда биз «өтө гумандуу өлкө» болгондуктан педофилдерди жан жерин химиялык же хирургиялык жол менен бычуу керектиги кызуу талкууну жаратууда.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Нарын облусундагы өкүлү Тойгонбай ДЖААНБАЕВ:

--Кичинекей кызды зордуктоо боюнча окуя менимче кыргыздар үчүн өтө жат көрүнүш. Батыштын жаман жактарын үйрөнүп жатабыз. Жокчулук, жумушсуздук, кымбатчылык, аракечтик, баңгилик-ушунун бардыгы адамды бир туңгуюкка камап коюшу ыктымал. Ушундай жашоодон адамдардын психикасы бузулуп, акыл-эси кем балдар төрөлүшү мүмкүн. Биз канчалык кабыл алгыбыз келбегени менен педофилия бизде бар экени факт болуп атат. Расмий маалыматтарга таянсак, учурда Кыргызстанда бир жылда 60-70 бала зордук -зомбулукка кабылат экен. Алардан тышкары коркконунан эч кимге айтпай, билгизбей канчасы сексуалдык зомбулукка кабылып жатканы бизге белгисиз да. Педофилия боюнча биздин өлкөдө мыйзам да либералдуу. Аларга мурда көп болсо 3-5 жыл берилчү, кийин Парламент тарабынан мыйзамга өзгөртүү киргизилип, 20-25 жыл же өмүр бою деген жогорку жаза берилип калды. Мен өзүм жазанын эң оор жагын колдойм. Азыр коомчулукта педофилдерди химиялык кастрация, хирургиялык кастрация кылуу боюнча пикирлер айтылып жатат. Бирок химиялык кастрация боюнча айрым медиктер жазып чыгып атышат, бул кымбатка турган процедура деп. Менимче химиялык кастрация кылган эле туура болот. Ал эми өлүм жазасы биздин Конституциябызга туура келбейт. Өлүм жазасын киргизгенде ал тандоосуз жалпы эле оор кылмыш жасагандарга киргизилет да. Тергөө учурунда да катачылыктар кетиши мүмкүн, айрым учурларда күнөөсүз адамдар соттолуп, атууга кетет, атылып кеткен адамды биз кайра кайрып ала албайбыз. Ошондуктан мен өлүм жазасына каршымын, педофилдерге эң жогорку жазаны колдонуп өмүр бою камакта олтургузуш керек. Мен адам катары педофилдерди атып салыш керек десем да адис катары атууга каршы болуп, хирургиялык кастрацияны колдойм. –дейт укук коргоочу.

Акыйкатчынын айтуусунда педофилдерди кастрация кылуу боюнча мыйзам кабыл алуу үчүн 30 миң кишинин колун топтоо жетиштүү. Ошол кол топтогон демилгечил топ 30 миң кишинин колун топтоп Парламентке берсе, депутаттар мыйзам жазып, Парламент аркылуу мыйзам кабыл алынат. Ал эми референдум аркылуу мыйзам кабыл алабыз десек 300 миң киши макул болушу зарыл.

ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК ИСЛАМ ДИНИНЕ КАРШЫ КЕЛЕТ

Балдарга карата жүргүзүлүп жактан сексуалдык зордуктун толкунун токтотуу үчүн эмне кылуу керек?

Коомчулук сексуалдык зомбулукка барган адамды Кудайды тааныбаган, Кудайдан коркпогон наадан, айбан, жексур деп коёт.

Дин адамды ыйманга, сабырдуулукка, тазалыкка чакырат. Кудайды тааныган, корккон адамды жаман жоруктарды жасоодон сактап турат. Ушундан улам, балким, динге кайрылуу, коомубузду зордук зомбулуктан сактап калат беле деген ой пайда болбой койбойт. Бир чети Кудайдан коркпогон эркекти бычып коркута алабызбы?

Нарын шаарындагы «Саад-Ибн-Абу-Ваккас» атындагы мечитинин имамы

Эрик МОЛДОКУЛОВ:

- Ислам динибизде Пайгамбарыбыздын балдар үчүн айткан улуу сөзү бар: «Кимде ким балдарга урмат сый көрсөтпөсөңөр, урмат сый көрбөйсүңөр» деген. Пайгамбарыбыз неберелерин өпкүлөп, жыттагылап, ойнотуп жатканда жанында жүргөн бир сахаба келип: «менин көп балам бар, бирок бирин да минтип эркелеткен эмесмин, мен балдарымдын алдында сүрдүүмүн» деген сөздү айткан, анда Пайгамбарыбыз: «Андай кылганың туура болбойт, жаш балдарга мээрим көрсөтүп, аларга болгон сүйүүңдү бетинен өбүү, эркелетүү аркылуу билгиз» деген насаатын айткан...

Кудайды тааныбагандыктан жаш балдарды зордукташууда. Бул-коомубуздагы эң көйгөйлүү терс көрүнүш биринчи укканда жүрөктү титиретип, төбө чачты тик тургузат. Эми мындай нерселерди кантип жоёбуз? Мындайда үгүт-насаат иштерин жакшы жүргүзүү керек.

Көйгөй эмнеден келип чыгып жатат? Жаштар ажырашып алып балдарын ата-энесине же туугандарына таштап кетип атышат. Балдарды ата-энеси бөлүшүп да атышат. Негизи шариятта, бала энеде калыш керек. Ал кыз балабы, же эркекпи, шариятта баланы алып калуу эненин укугу. Эненин эркекке караганда мээрими, күйүмдүүлүгү, кайрымдуулугу көбүрөөк. Бирок, шариятта эгер бала энеде калса эле энеси багыш керек деген нерсе эмес. Кийимин, тамак ашын камсыз кылуу атанын милдети деп эсептелет. Балдарды зордуктаган учурда ислам өлкөлөрүндө өтө катуу жаза колдонулат. Керек болсо өлүм жазасына чейин. Эгер биз адилеттүү болгубуз келсе, өзүн коргой албаган ушундай жаш наристелерге зордук-зомбулук көрсөткөндөргө эң катуу жазаны колдонушубуз керек. Шарият жагынан алып карагандарга мындай педофилдерге өлүм жазасы гана ылайык. Бирок биздин коомубуз шарияттын мыйзамы менен эмес, Конституциянын мыйзамы менен жашагандыктан азырынча кастрация деген нерсени кабыл алуу зарыл,-дейт Эрик таксыр.

Мындан сырткары, шариятта «Эгерде силер нафсиңерди тарбиялабасаңар, нафси жаман жакты гана эңсейт» делет. Мындайда эркектин тарбия көрбөгөн нафсиси каалоого, кумарга келгенде айбандык, маскарачылык, канкордук менен болсо да кумарга батууга түртүп жатат. Ошондуктан нафсини тарбиялоодо диний жактан көбүрөөк билим алуу, Пайгамбарыбыз айткандай нафсини тарбиялаш үчүн орозо кармоо натыйжалуу, себеби, адам ачка калса, нафси көбүрөөк тарбияланат.

КАЙДЫГЕРЛИК... КАЙДЫГЕРЛИК...

Молдонун айтуусу боюнча зомбулук маселеси кайдыгерликтен да жаралууда. Балдарга зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатканын байкап жүргөндөр менин балам жакшы жүрсө болду, мен эмнеге жаман көрүнөм дебей, анонимдүү түрдө болсо да укук коргоо органдарына кайрылып айтып койсо, мындай зордук-зомбулуктар өз учурунда билинип, чоң кырсыктардын болушунан сактап калуусу мүмкүн. Себеби, ушундай кайдыгерликтен эртең өзүнүн баласы да ушундай кырсыкка кабылып калышынан кепилдик жок. Шариятта, «өз балаңды тарбиялаш үчүн чөйрөнү кошо тарбиялаш керек» деп айтылат. Балаң тарбиялуу болушун кааласаң анын чөйрөсүн кошо тарбиялашың керек

Кайдыгерлик демекчи, балким, акталаалык наристе кыздын ата-энеси ажырашпай, же ажырашса да энекеси кызына кайдыгер мамиле жасабай өзү менен кошо ала кетип, канатына калкалап жүрсө, кыз мындай тагдырга кабылмак беле?, Бир жыл бою азап чегип жүргөн кыздын абалына мектептин социалдык педагогу, класс жетекчиси тереңирээк изилдеп, маани берип, кыз менен көбүрөөк баарлашышса, жиптин бир учугун эртерээк чубап чыгышат беле, кошуна-колоңдору кыздын жүдөп калганын, байкесинин үйгө кубалап, кайтарып калганын байкап жүргөндөн кийин тиешелүү жерлерге кайрылып, айтып коюшса кыз мынчалык зордукка кабылмак беле... Баарынан да, небереси даттанып жатса, ага капар албай, үйүнө баласы менен небересин бекитип кетип, түнкүсүн да байкап койбогон «коңурукту кош тартып» катуу уктаган чоң эненин жоругуна жол болсун демекчибиз.

Жоопкерчиликти мойнуна алып, кызды асырап алып, ага опекун болгондон кийин мамлекеттен ал үчүн алып жаткан акчасына эле ыраазы болуп жүрө бербей чоң эне кызды жакшы карашы керек эле. Болоору болгондон кийин эми небересин карабай койгону үчүн чоң энеси жоопкерчилик тартышы керек деп эсептейт балдардын укугун коргоочу.

«Нарын шаарындагы «Аруу тилек» балдар борборунун башчысы Жылдыз КАПАРОВА:

- Кыз бизге 24-январь күнү түнкү саат 21-20 да келип түштү. Мага Ак-Талаа райондук администрациясынан телефон чалышып, окуя тууралуу айтып беришти. Жаңы келгенде кыздын психикалык абалы өтө начар болчу. Себеби, милиция кызматкерлери сурак жүргүзүп, дарыгерлер кароодон өткөрүп, улам бири сурамжылап, текшерип жатышып, кыз бир топ эле чочуп калыптыр. Борбордо ал 6 күн болду. Ушул күндөрдө биз аралыкты сактап, ашыкча, тереңдетип суроо бербей, өзү айтса угуп, сүйлөшүп аттык. Тест менен деңгээлин текшергенде бизди таң калтырган жагымдуу нерсе, кыздын эс-акылынын өтө жогорку деңгээлде экендигинде болду. Канчалык оор ахвалда болуп, жашоо деңгээли төмөн үй-бүлөдө жашаганы менен кыз мектепте жалаң «5» деген бааларга окуйт экен. Өзү да татынакай кыз экен. Бардык болуп өткөн окуяга кыздын чоң энесин күнөөлүү деп эсептейм. Кыз атасынын оорукчан иниси менен бир үйдө өскөн, экөө кээде чогуу жатып, ойношуп, агасы кыздын бетинен өөп эркелетип жүрчү экен Агасы көп убакыт кызды бул нерсеге даярдап жүргөндөй. Эң биринчи зордуктоо болгондо кыз чоң энесине даттанганда чоң энесинин көргөн эң чоң чарасы баласын от көзөгүч менен чааптыр. Ошол окуядан кийин деле ал баласы менен кызды үйгө бекитип кетип, түн ичинде болсо кызын жакшы кайтарып, жанына алып жаткан эмес. Бир жолку болгон нерсе кайталана берип, кыз буга көнүп да калган. Бир жылдан ашык созулган мамиледен кийин кыз чоңоюп баштап, туура эмес нерсе жасап жүргөнүн аңдап сезе баштаганда өзүнөн өзү чүнчүп, өзү теңдүү курбуларынан да оолактай баштаган. –дейт Жылдыз.

Жылдыздын айтуусу боюнча эрте эле сексуалдык зордукка кабылган кыздын тулку боюнда да биологиялык өзгөрүүлөр эрте башталган. 6 күн борбордо реабилитациядан өткөн соң Бишкектеги балдарды коргоо борбору менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кыз Бишкекке жөнөтүлгөн. Аталган борбордо ал 10 күн реабилитациядан өтөт, ал эми учурда ал №3 балдар ооруканасында кароодон өтүүдө. Дарыгерлердин айтуусу боюнча кыздын абалы жакшы, катуу жаракаты жок, бирок, психикасын тазалоо бир топ убакытты талап кылат.

Р.S Биз, ата-эне, балдарды эмне үчүн жарык дүйнөгө жаратабыз? Тукумубузду улайлы, атыбызды өчүрбөйлү, артыбызга из калтыралы. Балдарды чоңойтуп, өстүрүп, билим берип, адам баласына тиешелүү асыл сапаттарга тарбиялап, адамдардын катарына кошуп кетели, анан алар биздин атыбызды өчүрбөй, бизден көргөн тарбиясын балдарына көрсөтсүн, ошентип тукум улансын дейбиз. Анда эмнеге бүгүнкү күндө көпчүлүгүбүз жоопкерчиликти унутуп, акчанын кулу болуп балдарыбыздын тагдырына балта чаап ара жолдо калтырып, жумуш издеп, бакыт издеп, байлык издеп тентип жүрөбүз. Акчаны чындап издесе өз элинде, өз жеринде эле тапса болот. Ал эми баланын кайра кайтарып, бузулган тагдырын кайра кайтарып оңдой албайсың!

10 күн да өтөт, 10 күндөн кийин кыздын тагдыры эмне болот? Бир дүрбөп барып коомчулукта бул окуя да унутулат. Ал эми кыздын жүрөгүндөгү так өмүр бою айыкпайт, ал айыкпас жарадай улам ырбап, улам эстетип, улам жүрөгүн эзип турат...

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...