Latest articles

Былтыр Чүйдүн Москва районунда 81 бала кароосуз калган

Бул туурасында Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ата-эненин кароосунан калган бул балдардын 34үн башка ата-эне багып алган, 22си мыйзам чегинде жакындарына багууга берилген, калганы балдар үйүнө жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары башкармалык демөөрчүлүк жардамдын эсебинен райондогу 187 томолой жана жарым-жартылай жетим балдарга ай сайын 1800 сом өлчөмүндө стипендия төлөп жатат. Кошумча дагы 56 балага айына 1000 сомдон стипендия каралган.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...