Latest articles

Түркия Кыргызстанда заманбап жабдуулары менен диагностикалык борбор курат

Түркия Кыргызстанда заманбап жабдуулары менен дарылоо-диагностикалык борборун курат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Кечээ, 2-февралда Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Түркиянын Sistem medical group компаниясынын аткаруу кеңешинин төрагасы Кемал Атилла менен жолугушту.

Тараптар мамлекеттик-жеке шериктештик жаңы долбоору боюнча саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Ага ылайык Түркиянын инвесторлору тарабынан Бишкекте нур менен диагностикалоочу жаңы жабдуулар менен камсыздалган биргелешкен дарылоо-диагностика борборун түзүү макулдашылды.

"Долбоордун жалпы баасы 1 млн доллар. Анын алкагында 500 миң доллардын эсебинде радиоизотоптуу диагностика, компьютер томографиясы. маммография боюнча жаңы аппараттар алынып келинди. Дарыгерлерди Түркиянын клиникаларынан квалификациясын жогорулатуу пландалып жатат",-деп кабарлады басма сөз кызматы.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...