Latest articles

Issyknews. Балык чарба департаменти Ысык-Көл форелин жасалма жол менен өндүрүү иштерин баштайт

Кыргызстан айыл чарба министрлигинин балык чарба департаменти кыш –күз мезгилдерине урук чачкан Ысык-Көл форели, сига-лудоги жана пелядь балыктарын республиканын көлмөлөрүндө жасалма жол менен өндүрүү ишин баштайт. Бул тууралу “Каракол” МЧК балык чарбасынын жектекчиси Эсен Аламанов билдирди.

Анын айтымында 300 миң форель, 3 млн сига-лудоги балыктары өстүрүлүү каралууда: “Балык запастарын өндүрүү боюнча жумуштар 2012-жылдын 30-декабрына чейин жүргүзүлөт. мынай иштер мамлекеттик айлана чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттиги уруксаты менен балык чарбаларында өндүргүч балыктарды кармоо боюнча иштер болуп саналат. Тоң балык өстүрүү заводу, Соң-Көл балык чарбасы, “Каракол балыгы” мүмкүнчүлүгү чектелген коому жана “Балыкчылар” МЧК бул багытта иш алып барышат. Уруктандырылган икраларды, жашап кете ала турган майда балыктарды даярдоону жана сууга коё берүүнү балык чарба департаменти өткөн жылдын деңгээлине жеткирүүнү пландоодо»-дейт Э Аламанов.

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...