Latest articles

Комитет КТРКнын Байкоочу кеңешине талапкерди жактырды

Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети Коомдук каналдын Байкоочу кеңешине Алтын Асанованын талапкерлигин бактырды. Мындай чечим бүгүн, 13-январда кабыл алынды.

Байкоочу кеңешке жарандык коом тарабынан Венера Стамалиеванын, Тимур Алкожоевдин жана Алтын Асанованын талапкерлиги сунушталган.

Депутаттар ачык добуш берүү жолу менен Алтын Асанованын талапкерлигин жактырышты.

Эскерте кетсек, буга чейин Эрнист Абдыжапаров өз каалоосу менен укуктук мөөнөтүнөн мурда Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнөн бошотуу арызын жазган.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...