Latest articles

Бишкекте кыргызстандык менен америкалыктын эрежесиз кармашы болот

Бишкекте WEF кулатуу версиясы боюнча (World Еrtaymash Federation) АКШдан келген мушкер менен экинчи беттешүү өткөрүлөт.

КРдин эрежесиз кармаш федерациясынан кабарлашкандай, вале-тудо версиясы боюнча бул жолу сегиздикке кыргызстандык Бакыт Бекбоев менен Роберт Рид (АКШ) беттешмекчи.

Мындан тышкары ушул эле иш-чарада Кыргызстандын жана Россиядан келген мушкерлердин кармашын өткөрүү пландалып жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин 3-декабрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда кулатуунун WEF (World Еrtaymash Federation) версиясы боюнча дүйнө чемпиону титулуна беттеш болгон. Чемпион наамына кыргызстандык Актилек Жумабек уулу жана АКШдан келген Шах Бобонис ат салышып, жыйынтыгында Жумабек уулу утушка ээ болгон.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...