Latest articles

Бир дүйнө. Бир кыял

Спорт оюндары Кыргызстандын түштүгүндөгү жаштардын башын бириктирди. Анткени 18-декабрдан 24-декабрга чейин БУУнун качкындар менен иштөө жогорку башкармалыгы тарабынан Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жаштар арасында тынчтыкты, достукту жана толеранттуулукту бекемдеген спорттук оюндар өткөрүлдү. 2012-жыл ичинде Эл аралык Олимпиадалык Комитети менен биргеликте БУУнун КИЖ башкармалыгы Кыргызстан жаштары үчүн жалпысынан 750гө жакын волейбол, баскетбол, футбол топторун, футбол дарбазаларын, баскетбол жана волейбол торлорун, теннис столдорун 79 мектепке жана түштүктөгү 3 облуска бөлүп берген. «Дүйнөнү спорт менен ал эми спортко Эл аралык Олимпиадалык комитет аркылуу. Бул спорттук оюндар менен коомдо достукту жана бейпилчиликти чыңдоого жетишип жатабыз»- деп билдирди БУУ КИЖ башкармалыгынын Ош шаарындагы кеңсесинин башчысы Юка Хасэгава. Жогорудагы иш чаралардын алкагында Ош шаарындагы Амир-Темур кичи шаарчасынын Федченко орто мектебинде жана №9 Аймактык кеңешинин башчысы К. Ахмеджановдун жетекчилиги менен жаштар арасында волейбол жана шахмат оюндары боюнча мелдеш өткөрүлдү. Байге фонду 18000 сомду камтыган бул оюндарга 120 адам тартылып, аймактагы 10 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шахмат ойнотуу менен жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Алтынай Осмонова

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...