Latest articles

Православ ыйыктарынын калдыктары Ош шаарына келди

Православ ыйыктарынын калдыктары Ош шаарына келди

10. 01. 2013. Сабыр Абдумомунов

Алардын арасында жаамы православдарга белгилүү Ыйык Матрона үчүн, Москва шаарында аягы көрүнбөгөн кезек күтүүлөр болуп турат.

Православ Ыйыктарынын калдыктары салынган кымбат кутуларды 10-январь бир эле күн Ош шаарындагы Архангел Михаил чиркөөсүндө көрүүгө болот. Аны Бишкектен Кыргызстан православдарынын атасы Феодосий коштоп келди.

Учурда түштүк областтарында жашаган 400дөн ашуун православдар Оштогу чиркөөдө Москвадан келген Ыйыктардын калдыктарына жана иконаларына сыйынып, кол тийгизип калыш үчүн узун кезекте турушат. Алардын арасында Ош, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад шаарларынан келгендер басымдуу. Орустарда Ыйык Матрона ар кандай оруулардан арылууга, балалуу болууга жана түбөлүк жар табууга жардам берет деп айтылып келет.

Фото: Хилола Ашурова

Original url : www.yntymak.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...