Latest articles

Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Бүгүн, 22-декабрда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысына Улуттук банктын өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана Кыргызстандын банк системасынын ишенимдүү ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берилди.

Президент Алмазбек Атамбаев жана Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов ошондой эле 2013-2017 жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында каралган, тактап айтканда финансы мекемелеринин жана ишкерлердин арзан жана көп мөөнөттүү насыяларды алууну жакшыртууга байланышкан финансы секторун өнүктүрүү боюнча чараларды талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын маанилүү соода-экономикалык өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдө экономикалык кырдаалга Улуттук банк тарабынан мониторинг жүргүзүүнүн жана улуттук экономикага мүмкүн болгон тышкы таасирлерден тобокелдиктерди максималдуу азайтуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...