Latest articles

Түркия Пешавардагы окуучулардын өлүмү үчүн аза күтөт

Түркия Пешавардагы окуучулардын өлүмү үчүн аза күтөт

Түркияда Пакистандагы мектепте каза болгон окуучулардын урматына бүгүн аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу кечээ түрк өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу буйрук чыгарган.

Анадолу кабар агенттигинин маалыматында, Пешавардагы аскер адамдарынын балдары окуган мектепте каза болгон 148 окуучу жана мугалимдердин үй-бүлөсүнүн кайгысын тең бөлүшүү максатында өкмөт башчы Түркияда бир күндүк аза күтүү күнүн жарыялаган. Ага ылайык, бүгүн өлкөдөгү бардык желектер ылдый түшүрүлөт.

"Техрик-и-Талибан Пакистан" террордук уюмунун мүчөлөрү кечээ, 16-декабрда Пешавардагы мектепке куралчан кол салып 500дөй окуучу жана окутуучуларды барымтага алган. Акыркы маалыматтарга ылайык, 148 адам каза болуп, алардын 100дөн ашууну окуучулар экени айтылууда. 100дөн ашууну жарадар болуп, ооруканага жеткирилген.

Талибандардын билдирүүсүндө, алар өз үй-бүлө мүчөлөрүн Пакистан аскерлери тарабынан өлтүрүлгөнүн айтып, өч алуу максатында аскер адамдарынын балдары окуган мектепке кол салган.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...